🐻Чоң-Кеминде аюунун изи видеого тартылып алынды
19-сентябрь 2025, 14:35
2025-жылдын 19-сентябрында, Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу “Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркында (МЖП) эртең мененки саат 09:00 чамасында Калмак-Ашуу кыдыртмасынын аймагында жаратылышты коргоочу кызматкер (егерь) бир күрөң аюунун изин видеого тартып алган.
🍯Бул көрүнүш жаратылыш паркындагы жапайы жаныбарлардын активдүүлүгү жогору экенин жана алардын жашоо чөйрөсү сакталуу абалда экенин тастыктайт. Аюунун изи бейпил шартта табылып, жаныбардын өзүнө зыян келтирилген эмес.
Чоң-Кемин МЖПнын администрациясы бул фактты каттап, аймактагы жапайы жаныбарлардын жүрүм-турумун мындан ары да тыкыр көзөмөлдөөнү улантат. Ошондой эле, паркка келген зыяратчылардан этият болуп, жаныбарлар менен түз контактка барбоону эскертишет.
Жаратылышты сактоо жана жапайы жаныбарларга тынч жашоо шартын түзүү – биздин башкы милдетибиз.