Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркында жапайы жаныбарларды колдоо иштери уланууда

Чүй өрөөнү
Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркында жапайы жаныбарларды колдоо иштери уланууда

Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркында жапайы жаныбарларды колдоо иштери уланууда

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу  Чоң-Кемин жаратылыш паркында жапайы жаныбарларды кыш мезгилинде колдоого багытталган биотехникалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Егердик кызмат тарабынан «Жаныбек» кыдыртмасынын аймагындагы аштоого салынган чөпкө эликтердин топтолуп келе жаткандыгы байкалды. Бул көрүнүш жапайы жаныбарлар үчүн жүргүзүлүп жаткан биотехникалык иштердин натыйжалуу экенин айгинелейт. Ошондой эле каман (жапайы доңуз) издери да аныкталды.

Мониторинг смарт-тутум аркылуу жүргүзүлүп, бул иш-чаралар кышкы мезгилде жаныбарлардын жоготууларын азайтууга жана популяцияны сактоого өбөлгө түзөт.