Чүй облусунда аңчылык эрежелерин бузган эки жаранга 25 миң сом айып пул салынды

Чүй өрөөнү
Чүй облусунда аңчылык эрежелерин бузган эки жаранга 25 миң сом айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан жарандардын аталган аймакта кыргоолдорду атып жатышат, - деген кайрылууларынын негизинде рейддик иш-чара жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө Төмөнкү Чүй айылынын айланасындагы талааларда аңчылык кылып жүргөн эки жаран аныкталып, алардын аңчылыкка тиешелүү документтери текшерилди.

Текшерүүнүн натыйжасында жарандардын аңчылык жүргүзүүгө мыйзамдуу уруксат документтери бар экени, бирок Джек-рассел породасындагы итти аңчылыкта колдонууга тиешелүү уруксат документи жоктугу аныкталды.


Аталган мыйзам бузуу боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык эки протокол түзүлүп, жарандарга жалпы 25 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.