Чүй облусунда мыйзамсыз уюштурулган таштанды төгүүчү жай тазаланды
12-ноябрь 2026, 13:37
Чүй өрөөнү
Чүй облусунун Кош-Коргон айылынын аймагында мыйзамсыз уюштурулган таштанды төгүүчү жай таштандылардан тазаланды.
Тактап айтканда, жергиликтүү тургундардын кайрылууларынын негизинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн.
Анын жүрүшүндө белгиленбеген аймакка таштандыларды мыйзамсыз төгүү фактысы аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жергиликтүү бийлик органдары тарабынан таштандылар тазаланып, мыйзам бузууга жол берген тиешелүү тарапка карата мыйзам чегинде административдик чаралар көрүлдү.