Чүй облусунда экологиялык абал боюнча түшүндүрүү иштери башталды

Чүй өрөөнү
Чүй облусунда экологиялык абал боюнча түшүндүрүү иштери башталды

Министр М.Машиевдин тапшырмасы менен отканаларды кышка карата коргоого даярдыктарды күчөтүүнүн жана Чүй облусундагы экологиялык абал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн алкагында Сокулук жана Москва райондорунун бир катар отканаларына жана таштанды төгүүчү жайларынын абалы менен таанышуу штери жүргүзүлдү.

Жылытуу мезгилинин жакындап келе жатканына байланыштуу Жаратылыш ресурстары министрлиги бардык объектилердин отканаларын жана атмосферага зыяндуу заттарды чыгаруу боюнча нормалардын сакталышын текшерүүнү күчөтүүдө. 

Министрликтин Чуй регионалдык башкармалыгынын башысынын орун басары Э.Дуйшонбиев  таштанды жайы боюнча негизги нормалар жөнүндө маалымат берди.  “Таза айыл” муниципалдык ишканасынын  башчысы С.Бербаев  «Сары-Өзөн айыл өкмөтүндө таштанды таштоочу жайдын аянты 3,3 гектарды түзөөрүн, учурда тор тосмо орнотуу иштери башталып, күзөтчүнүн  кабинасы жана тиешелүү өрт өчүрүүчү жабдуулар жакында ишке кирээрин атып өттү.       Андан соң Москва районундагы Беловодское райондор аралык жылуулук суу менен камсыздоо ишканасында болуп, ал жакта атмосфералык аба бөлүмүнүн башчысы Н.Ташыбек уулу «Таза аба» эко акциясынын бир айлыгы тууралуу айтып берди.

Ал ошондой эле 11-пунктуна ылайык, “Чаң жана газды тазалоочу курулмаларды эксплуатациялоо эрележелеринин” сакталышын алардын абалын баалоо үчүн чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан мезгил-мезгили менен ЧГТО (чаң тазалоочу орнотмолор) кварталда бир жолу техникалык кароодон өтүшү керектигин эскертип өттү.

Иш сапар Беловодское айылындагы МП «Таза Нарзан» муниципалдык ишканасынын таштанды таштоочу жайына баруу менен аяктады. Анда директор Н.Айдралиев аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, алдыдагы иштерге токтолуп, анын алкагында полигондун ишмердигин  активдештирүү жана жакшыртуу башкы максат экенин айта кетти.