Эко-инспекторлор Чүй облусундагы таштанды полигонунун жана от жагуучу жайдын абалын текшеришти

Чүй өрөөнү
Эко-инспекторлор Чүй облусундагы таштанды полигонунун жана от жагуучу жайдын абалын текшеришти

Чүй аймактык башкармалыгынын инспекторлору Ысык-Ата районунун Токмок шаарындагы жана Гагарин айылындагы таштанды полигонунун абалын текшеришти. Инспекциянын жүрүшүндө таштанды полигонунун учурдагы абалына, анын ичинде топтолгон таштандылардын көлөмүнө, экологиялык ченемдердин сакталышына баа берилди.


Абанын сапатынын начарлашынын жана түтүндүн деңгээлинин жогорулашынын себептеринин бири болгон уруксатсыз өрттөөнү болтурбоого өзгөчө көңүл бурулду.

Гагарин айылындагы полигон карамагында турган Кант шаарынын мэри У.Майлибашев аянты 11,5 гектар болгон полигондун аймагына бийиктиги 2,5 метр болгон тосмо толугу менен орнотулганын белгиледи. "Жакын арада күзөт кабинасы ишке берилет, видеобайкоо жана өрт коопсуздугу үчүн жабдуулар орнотулат. 

Мындан тышкары полигондо таштандыларды сорттоону 2025 - жылдан баштап баштоо пландаштырылууда", - деп белгиледи мэр.


Эскерте кетсек, министр М.Машиев түтүндүн пайда болушуна өбөлгө түзүүчү жана калктын ден-соолугуна жана экологиялык кырдаалга терс таасирин тийгизүүчү зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын алдын алуу үчүн таштанды полигондорун көзөмөлдөөнү жана от казандарын кышкы мезгилге даярдоону күчөтүүнү тапшырган. 

Ысык-Ата районунун жана Токмок шаарынын отканалары алдыдагы жылытуу мезгилине карата текшерилди.