Чүй аймагында браконьерликке каршы рейддик иш-чаралар уюштурулду

Чүй өрөөнү
Чүй аймагында браконьерликке каршы рейддик иш-чаралар уюштурулду

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Калинин межрайондук аңчылар коомунун өкүлдөрү менен биргеликте Панфилов жана Жайыл райондорунун аймактарында рейддик иш-чараларды өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө 7 мыйзам бузуу фактысы аныкталды:

-Административдик мыйзам бузуулар жөнүндө кодекстин 261-беренеси (“Аңчылык тартибин бузуу”) боюнча 6 протокол түзүлүп, ар бири 10 000 сомдон 60 000 сомго чейинки өлчөмдө айып пул салынды.

-263-берене (“Мыйзамсыз мергенчилик”) боюнча 1 протокол түзүлүп, 12 500 сом айып пул салынды.

Жалпы салынган айып пулдун суммасы 72 500 сомду түздү.

Мындан тышкары, 13 баш мыйзамсыз атылган кыргоол үчүн 65 000 сом өлчөмүндө материалдык доо коюлду.

Чүй регионалдык башкармалыгы жаратылышты коргоо боюнча иштер мындан ары да туруктуу негизде жүргүзүлөрүн, мыйзам бузгандарга карата чаралар сөзсүз көрүлөрүн баса белгиледи.