Чүй облусунда көмүрдүн сапатын текшерүү жана экологиялык талаптардын сакталуусун көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү
13-ноябрь 2025, 12:11
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан Чүй облусундагы көмүр кампаларда түшүндүрүү-профилактикалык жана көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Тактап айтканда, Ысык-Ата районунда жайгашкан «Гефест» ЖЧКсы жана «Көмүр Магнат» ЖЧКсынын, ошондой эле Жайыл районунда жайгашкан «Гефест» ЖЧКсынын көмүр кампаларында Экологиялык мониторинг департаментинин адистери менен биргеликте көмүрдүн сапаты жана радиациялык фону текшерилди.
Бул иштер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы №639 “Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө” токтомун аткаруу максатында жүргүзүлүүдө.
Аталган токтомго ылайык, Чүй облусунун аймагында 0–13 мм фракциядагы чачылма көмүрдү ташып келүүгө, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салынат, анткени мындай көмүрдүн жагылышы атмосферанын булгануусуна негизги себептердин бири болуп саналат.
Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан экологиялык талаптардын сакталышын туруктуу мониторингдөө, ишкерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жана эсертүү кагаздарын берүү иштери улантылууда.
Бул иш-чаралар жылуулук мезгилинде абанын булгануусун азайтууга жана калктын экологиялык коопсуздугун камсыздоого багытталган.