Чүй облусунда калдыктары төгүлүүчү жайлардын саны кыскарды

Чүй өрөөнү
Чүй облусунда калдыктары төгүлүүчү жайлардын саны кыскарды

Өлкөдө стихиялуу таштанды төгүүчү жайлардын санын кыскартуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан саясаттын алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан тиешелүү иштер улантылууда.

Бул багытта Министрликтин адистери тарабынан Чүй облусундагы катуу тиричилик калдыктары төгүлүүчү жайларга жеринде текшерүү жүргүзүү максатында иш сапар уюштурулду. Иш сапардын жүрүшүндө район акимдери, шаар мэрлери жана ар бир айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Чүй облусунда жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында:

Жалпысынан Чүй облусу боюнча жалпы 17 таштанды таштоочу жай болсо алардын саны 14кө кыскартылды.