Чүй облусунда мыйзамсыз таштанды төгүүчү жайлардын саны кыскартылды

Чүй өрөөнү
Чүй облусунда мыйзамсыз таштанды төгүүчү жайлардын саны кыскартылды

Өлкөдө мыйзамсыз таштанды төгүүчү жайлардын санын кыскартуу, көзөмөлдү күчөтүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан саясаттын алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан бул багыттагы иштер улантылууда.

Министрликтин адистери Чүй облусундагы катуу тиричилик калдыктары төгүлүүчү жайларга барып, аларды инвентаризациялоо иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле райондордун акимдери, шаар мэрлери жана айыл өкмөт башчылары менен жолугушуулар уюштурулду.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө таштанды төгүүчү жайларда дайыма өрт чыгуу жана калдыктардын чоктоп күйүү учурлары катталып, натыйжада парник газдары бөлүнүп чыгып жатканы аныкталды. Мындай көрүнүш техникалык долбоорлоо талаптары сакталбаган жана газдарды сыртка чыгаруу системасы каралбаган стихиялуу таштанды төгүүчү жайлардын бардыгында байкалат.

Мындан тышкары, биологиялык калдыктардын катуу тиричилик калдыктары менен аралаштырылышы, экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин одоно бузулушу аныкталды.

Жергиликтүү деңгээлде катуу тиричилик калдыктарын башкаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде координациянын жана уюштуруунун жетишсиздиги белгиленди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкүдөй мыйзам бузуулар аныкталды:

•    дээрлик ар бир айылда стихиялуу таштанды төгүүчү жайлардын пайда болушу;

•    таштанды төгүүчү жайлардын тосмолор менен курчалбастан, уруксатсыз уюштурулушу жана калдыктардын аймактан сырткары жайылышы. Дээрлик бардык жайларда өзүнөн-өзү өрт чыгуу жана калдыктардын чоктоп күйүү учурлары байкалган;

•    биологиялык калдыктардын (үй жаныбарларынын жана канаттуулардын өлүктөрүнүн) катуу тиричилик калдыктары менен аралаштырылышы, Беккари чуңкурларынын жоктугу жана башка кооптуу калдыктардын талапка ылайык жайгаштырылбашы;

•    калдыктардын турак жай аймактарында жана дарыялардын жээктеринде башаламан жайгаштырылышы;

•    калдыктарды сорттоо жана кайра иштетүү практикасынын дээрлик жоктугу;

•    санитардык-коргоо жана суу коргоо зоналарынын талаптарынын сакталбашы;

•    таштанды төгүүчү жайлардын учактардын учуп-конуу тилкелеринин чектеринде жайгашуусу.

Министрлик тарабынан ар бир таштанды төгүүчү жайдын абалына талдоо жүргүзүлүп, алардын абалы дрондор аркылуу каттоого алынды. Ошондой эле таштанды төгүүчү жайлардын айланасынан суу жана топурак үлгүлөрү алынды.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу өкүлдөрүнө тиешелүү көрсөтмөлөр берилип, административдик чаралар көрүлдү. Жер кыртышынын бузулушунан келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча доо арыздар коюлуп, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча талаптар тапшырылды.

Жолугушуулардын жыйынтыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте коңшу айылдардын таштанды төгүүчү жайларын борборлоштуруу жана эски жайларды жабуу аркылуу алардын жалпы санын кыскартуу маселелери каралды жана тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Натыйжада, Чүй облусунда таштанды төгүүчү жайлардын жалпы саны 17ден 14кө чейин кыскарып, 3 жайга же 17,6 пайызга азайды.