Жаратылыш ресуртар министрлиги: Чүйдө экологиялык рейд учурунда жарадар болгон кара батперек куткарылды

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресуртар  министрлиги: Чүйдө экологиялык рейд учурунда жарадар болгон кара батперек куткарылды

Жаратылыш ресуртар  министрлиги: Чүйдө экологиялык рейд учурунда жарадар болгон кара батперек куткарылды


Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспектору тарабынан Ителги уруусуна кирген жарадар болгон сейрек кездешүүчү Кара батпырак (айры куйруктуу) куш куткарылды. Рейд Сокулук районунун Жаңы-Пахта айылында болуп, анда жаракат алгандыгы байкалган канаттууну табышкан.


Кыргызстандын экосистемасынын жана биоартүрдүүлүгүнүн маанилүү бөлүгү болгон кара батпырак андан ары реабилитациялоо үчүн "Бугу-Эне" коомдук фондуна оперативдүү түрдө өткөрүлүп берилди. Фонд жапайы жаныбарларды куткарууга жана калыбына келтирүүгө адистешкен жана анын кызматкерлери дароо канаттууларды дарылоо жана реабилитациялоо боюнча ишти башташты.

Кара батперек жашоо чөйрөсүнүн начарлашынан жана мыйзамсыз аңчылыктан улам жоголуп бараткан түр болуп саналат. Инспекторлор жапайы жаратылышты коргоого жана экологиялык кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган рейдтерди жана иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп турушат.

Бул окуянын алкагында министрлик бардык жарандарды жана уюмдарды жаратылышка жоопкерчилик жана урмат көрсөтүүгө кайрадан чакырат. Жапайы жаныбарларды куткаруунун ар бир учуру — бул Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого жана анын экосистемасынын саламаттыгына салым.