Чүйдө тепловизордук жабдууларды колдонуп, аңчылык эрежелерин бузуу фактысы аныкталды

Чүй өрөөнү
Чүйдө тепловизордук жабдууларды колдонуп, аңчылык эрежелерин бузуу фактысы аныкталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан өткөрүлгөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө аңчылык жүргүзүүдө белгиленген талаптардын бузулушу катталды.

Тактап айтканда, аңчылык жүргүзүүчү аймакта караңгы убакта аңчылык кылууга жана тепловизордук жабдууларды колдонууга байланыштуу талаптардын бузулганы аныкталды.


Аталган факт боюнча мыйзам талаптарына ылайык административдик протокол түзүлүп, 12 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды.