Чүй облусунда тыюу салынган күндөрү аңчылык кылган жаран аныкталды

Чүй өрөөнү
Чүй облусунда тыюу салынган күндөрү аңчылык кылган жаран аныкталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан Чүй облусунун Панфилов районунда рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.

Рейд учурунда аңчылык эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Тактап айтканда, жарандар аңчылык жүргүзүүгө тыюу салынган күндөрү (шейшемби жана шаршемби — тынч күндөр) аңчылык жерлеринде жүрүшкөн. Ошондой эле алардын жанында тиешелүү уруксат берүүчү документтери болгон эмес.

Аталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик протокол түзүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 55 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерине» ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн спорттук-ышкыбоздук аңчылыкка жумасына эки күн — шейшемби жана шаршемби күндөрү тыюу салынат.