Чүй облусунда аңчылык эрежелерин бузуу фактылары аныкталды
30-октябрь 2026, 10:04
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан Чүй облусунун аймагында жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө аңчылык эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Рейддин жыйынтыгында төмөнкү мыйзам бузуулар катталды:
• Аңчылык кылууга уруксат берилген жолдомодо көрсөтүлгөн аймактан тышкары жерде аңчылык жүргүзүлгөн;
• Аңчылык итке тиешелүү күбөлүк болгон эмес;
• Аңчылык караңгы убакта жүргүзүлгөн.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык («Аңчылык эрежелерин бузуу») жалпы суммасы 25 000 сом түзгөн 2 административдик протокол түзүлдү.