Чүй облусунда айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын бузулушу — таштандыларды уруксат берилбеген жерлерге таштоо фактылары аныкталды
15-июнь 2026, 13:39
Чүй өрөөнү
Чүй облусунда айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын бузулушу — таштандыларды уруксат берилбеген жерлерге таштоо фактылары аныкталды.
Аталган мыйзам бузуулар боюнча эки административдик протокол түзүлүп, жалпы эсеп менен 46 000 (кырк алты миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Жаратылыш министрлигне караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан мындай рейддик иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында туруктуу негизде улантылып, жаратылышты коргоо жана санитардык тартипти камсыздоо боюнча иштер күчөтүлүүдө.
Эгерде мыйзам бузуу фактылары аныктала турган болсо, анда мыйзам бузгандарга карата 23 000 сомго чейин айыптык чаралар көрүлүшү мүмкүн.