Чүйдө суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды
08-июнь 2026, 09:41
Чүй өрөөнү
Чүй облусунун Сокулук районунда жарылуу жана өрт чыгуу коркунучу жогору болгон суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу жана автоунааларга, ошондой эле тиричилик газ баллондоруна коопсуздук талаптарын одоно бузуу менен газ куюу фактылары аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпысынан 3 мыйзамсыз соода түйүнү аныкталды. Алардын экөөнө калктуу конуштардын аймагында жайгаштырылган автоцистерналарды коопсуздук талаптарына ылайык аймактан чыгаруу боюнча милдеттүү сунуштар берилди. Бир объект боюнча кошумча документтер талап кылынып, учурда тиешелүү мыйзам чегиндеги чаралар көрүлүүдө.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандардын көңүлүн калктуу конуштардын ичинде көчмө автоунаа газ толтуруучу станцияларды жана автоцистерналарды жайгаштырууга мыйзам тарабынан тыюу салынганын эскертет. Өзгөчө жай мезгилинде абанын температурасынын жогору болушу мындай объектилердин кооптуулугун бир нече эсеге күчөтөт. Коопсуздук талаптарынын сакталбашы бир эле учкундан өрт чыгып, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле айлана-чөйрөгө ири зыян келтирүү коркунучун жаратат.