Чүйдө автотранспорттон чыккан зыяндуу заттардын белгиленген ченемдерден ашуусу аныкталды

Чүй өрөөнү
Чүйдө автотранспорттон чыккан зыяндуу заттардын белгиленген ченемдерден ашуусу аныкталды

Чүй облусунда автотранспорт каражаттарынан атмосфералык абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын белгиленген ченемдерге шайкештигин текшерүү максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө 50дөн ашык жүк ташуучу унаа текшерилди. Текшерүүнүн жыйынтыгында унаалардын чыккан газдарындагы зыяндуу заттардын өлчөмү белгиленген ченемдерден ашкан фактылар аныкталды. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 9 административдик протокол түзүлдү.

Салынган административдик айып пулдардын жалпы суммасы 67 миң 500 (алтымыш жети миң беш жүз) сомду түздү.


Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы экологиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө, атмосфералык абанын булганышын азайтуу жана Чүй облусунда айлана-чөйрөнүн сапатын жакшыртуу максатында рейддик иш-чараларды улантууда.