Чүй облусунда 12 браконьерлик учурун инспекторлор жана егерлер катташты
11-ноябрь 2024, 17:34

Чүй облусунда 2024-жылдын 7-ноябрынан 10-ноябрына чейинки төрт майрамдык күндүн ичинде аңчылык эрежелерин бузган 11 учур катталды.
Жалпы айып пулдун суммасы 116 000 сомду түздү, ал эми келтирилген зыян мыйзамсыз атылган 10 фазан жана бир кекилик үчүн 52 000 сомго бааланды.
Жайыл районундагы Бухта капчыгайында бир жапайы каман мыйзамсыз атып алуу фактысы аныкталды — браконьерлерден жаныбардын этин табышкан. Бул иш боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Бул көрсөткүчтөр дагы жогору болушу мүмкүн, себеби аныктала элек мыйзам бузуу фактылары болушу мүмкүн. Браконьерлик учурларынын көбөйүшүнө байланыштуу, Жаратылыш ресурстары жана экология министрлиги аймактарда жаратылышты коргоо чараларын күчөтүүдө.