Чүй облусунда аңчылык эрежелерин бузгандар кармалды

Чүй өрөөнү
Чүй облусунда аңчылык эрежелерин бузгандар кармалды
Чүй облусунда аңчылык эрежелерин бузгандар кармалды


2025-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматынын биоресурстарды контролдоо бөлүмүнүн инспекторлору Чүй облусунун аймагында рейддик иш-чараларды өткөрүштү.


Рейддердин жүрүшүндө мыйзамсыз аңчылык менен алектенген бир нече жаран кармалды. Тартип бузуучуларга карата Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренеси (аңчылык эрежелерин бузуу) боюнча 20 протокол түзүлгөн. Ар бирине 12 500 сомдон айып пул салынды. Айыптардын жалпы суммасы 250 000 сомду түздү.


Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөштү улантып, өлкө аймактарындагы экологиялык тең салмактуулукту сактоо боюнча ишти күчөтүүдө.