Чүй облусунда мыйзамсыз аңчылык кылгандар кармалды

Чүй өрөөнү
Чүй облусунда мыйзамсыз аңчылык кылгандар кармалды

2025-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспекторлору Чүй облусунун аймагында рейддик иш-чараларды өткөрүштү.

Рейд учурунда мыйзамсыз аңчылык менен алектенген бир нече жаран кармалган. Аларга карата Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 263-беренеси (аң уулоо эрежелерин бузуу) боюнча 9 протокол түзүлүп, ар бирине 12 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Жалпы айып пулдун суммасы 112 500 сомду түздү, мындан тышкары 11 000 сомдук доо коюлду.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөштү улантып, өлкөнүн аймактарында экологиялык тең салмактуулукту сактоо багытындагы иштерди күчөтүп жатат.