Чүй облусунда мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды

Чүй өрөөнү
Чүй облусунда мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй региондук башкармалыгы жапайы жаныбар – текени мыйзамсыз аңчылык жолу менен атылып алынган фактыны аныктады.


Башкармалыктын кызматкерлери Чүй облусунун Москва районуна караштуу Ак-Суу капчыгайындагы Көктү-Бойрок жайлоосунда мыйзамсыз алынган жаныбарлардын эттери жашырылган деп болжолдонгон жерге атайын фототузак орноткон.


2025-жылдын 8-сентябрында фототузак алынганда, анда текени мыйзамсыз атылып алынгандыгы (алдын ала төрт башка чейин) сүрөттөлүп түшүрүлгөнү аныкталды. Бул кылмышка жергиликтүү малчылар тиешелүү болушу мүмкүн деп болжолдонууда.
Топтолгон материалдар мыйзам бузгандардын өздүгүн тактоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет.


Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 310-беренесине ылайык, мыйзамсыз аңчылык же балык уулоо жана башка суу жаныбарларын кармоо олуттуу зыян келтирген учурда, 200дөн 500гө чейин эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынып, белгилүү кызматтарды ээлөөгө же белгилүү ишмердүүлүк менен алектенүүгө эки жылга чейин тыюу салынат.


Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Аппаратынын «Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык чийки затка жана козу карындарга келтирилген зыянды эсептөө үчүн таксаларды бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, мыйзамсыз аңчылык (атуу, кармоо), браконьерлерге Кыргызстандын Кызыл китебине кирбеген жаныбар болгон теке үчүн ар бир башка 300 000 (үч жүз миң) сом өлчөмүндө доо коюлат.