Чүйдө жапайы жаныбарларга күзгү санак жүргүзүлүүдө

Чүй өрөөнү
Чүйдө жапайы жаныбарларга күзгү санак жүргүзүлүүдө

Чүй токой-аңчылык чарбасынын адистери тарабынан күз мезгилинде жапайы жаныбарлардын санын аныктоо боюнча кезектеги эсепке алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда адистер Кегети, Шамшы жана Ысык-Ата капчыгай, кокту-колоттордо талаа иштерин жүргүзүп, жапайы жаныбарлардын санына жана таралышына байкоо жүргүзүп жатышат.

Санак иштеринин алкагында илбирс, элик, тоо эчки жана жапайы каман сыяктуу жаныбарлар кездешүүдө.

Мындай иш-чаралар жапайы жаныбарлардын популяциясынын абалын көзөмөлдөөгө, алардын санындагы өзгөрүүлөрдү аныктоого жана жаратылыш ресурстарын илимий негизде башкарууга шарт түзөт.