Чункурчакта кышкы туристтик сезонго даярдык жана коопсуздук талаптары текшерилүүдө
10-ноябрь 2026, 15:20
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Чүй облусунда жайгашкан «Чункурчак» тоо лыжа базасында рейддик иш-чара өткөрүлүүдө.
Иш-чаранын негизги максаты — 2026–2027-жылдардагы кышкы туристтик сезонго карата тоо лыжа базасынын даярдыгын баалоо, ошондой эле эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө.
Рейддин жүрүшүндө базадагы асма жолдордун (канат жолдорунун) техникалык абалы, эксплуатацияланып жаткан жабдуулардын коопсуздугу, алардын белгиленген талаптарга шайкештиги жана өнөр жай коопсуздугу боюнча ченемдердин сакталышы текшерилүүдө.
Мындан тышкары, мүмкүн болуучу авариялык кырдаалдардын алдын алуу, техникалык мүчүлүштүктөрдү өз убагында аныктоо жана туристтер менен эс алуучулар үчүн коопсуз шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Белгилей кетсек, мындай рейддик иш-чаралар кышкы туристтик сезон учурунда жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоого, коопсуздук талаптарынын сакталышын камсыздоого жана туристтик объектилердин үзгүлтүксүз иштешине багытталган.