Жалал-Абад облусунда экологиялык мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
Жалал-Абад облусунда экологиялык мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү
Жалал-Абад облусунда экологиялык мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү


2026-жылдын 25-январында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан дем алыш күндөрүнө байланыштуу күчөтүлгөн тартипте облустун район жана шаарларынын аймактарында ыкчам рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.


Иш-чаранын негизги максаты — экологиялык мыйзам бузуулардын алдын алуу, жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга бөгөт коюу, ошондой эле жарандардын экологиялык аң-сезимин жогорулатуу болуп саналат.


Рейддин жүрүшүндө Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Калмак-Кырчын участогунда аңчылык кылып жүргөн 8 жаран аныкталып, алардын тийиштүү уруксат кагаздары текшерилди. Аталган жарандарга Кыргыз Республикасынын «Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө» 2014-жылдын 13-мартындагы №41 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы №55 токтомунун талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды экологиялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого, жаратылыш байлыктарына аяр мамиле жасоого жана мыйзамсыз иш-аракеттерге жол бербөөгө чакырат.