Жети-Өгүз районунда илбирсти видеого тартып алышты
29-октябрь 2026, 12:37
Ысык-Көл облсунун Жети-Өгүз районунун тоолуу өрөөндөрүнүн биринде жергиликтүү тургундар менен жүргөн туристтер ак илбирсти видеого тартып алышып, ал видеону Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери менен бөлүшкөн.
Видеонун авторлорунун айтымында, ак илбирс атчан адамдарды көрөөр замат карагайлуу токойдун ичине качып жөнөгөн.
Белгилей кетсек, Кыргызстан ак илбирстин негизги байырлаган аймактарынын бири болуп саналат. Өлкөдө бул жырткычтын саны болжол менен 450–550 башты түзөт.
Убагында алардын саны кескин кыскарып кеткени менен, акыркы жылдары популяциясынын акырындык менен көбөйүү тенденциясы байкалууда. Ак илбирстердин негизги топтолгон аймактарынын катарына Ысык-Көл жана Нарын облустары кирет.
Белгилей кетсек, ак илбирс өлкөнүн улуттук символдорунун бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, ал өлкөнүн улуттук символу катары таанылган.