Ысык-Көл облусунун Жетим-Бел кырка тоосу жана "Каракол" мамлекеттик жаратылыш паркындагы фототузактарга илбирс, сүлөөсүн, эчки-теке, куран-элик, каман ж.б жапайы жаныбарлар түшкөн
02-июль 2026, 16:16
Ысык-Көл облусунун Жетим-Бел кырка тоосу жана "Каракол" мамлекеттик жаратылыш паркындагы фототузактарга илбирс, сүлөөсүн, эчки-теке, куран-элик, каман ж.б жапайы жаныбарлар түшкөн.
Фототузактар Жаратылыш ресурстары министрлиги менен NABU Кыргызстан уюмунун биргелешкен иш чараларынын алкагында 2025-жылы октябрь айында орнотулган. Ал эми аны орнотулган жерлерден чечүү иштери 2026-жылдын 22-28-июнь күндөрү жүргөн.
Учурда фототузактар аркылуу алынган фотомаалыматтар анализденип, жаныбарлардын таралышы боюнча маалыматтар такталууда.
Фототузактарды орнотуу – жапайы жаныбарларга мониторинг жүргүзүү ишинин алкагында сейрек кездешүүчү жаныбарлардын, анын ичинде илбирстердин сүрөттөрү да алынып, учурда ал маалыматтар жаратылышты коргоо иштеринде жана жапайы жаныбарларды изилдөөдө пайдаланылат.