“Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркында фотоловушкаларга 3 илбирс жана башка жапайы жаныбарлар түшкөнү аныкталды

Чүй өрөөнү
“Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркында фотоловушкаларга 3 илбирс жана башка жапайы жаныбарлар түшкөнү аныкталды

2025-жылдын жай айларында “Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркына караштуу кызматкерлер Көк Ойрок жайлоосуна жана Челек көлү тарапка фотоловушкаларды орнотушкан. Бул иш-чара жапайы жаныбарлардын популяциясын байкоо жана изилдөө максатында жүргүзүлгөн.

Күз мезгилинде, тактап айтканда октябрь айында, кызматкерлер орнотулган фотоловушкаларды алып келип, анализ жүргүзүштү. Натыйжада, фотоловушкаларга Кыргызстан үчүн өтө маанилүү жана коргоодо турган жаныбарлардан болгон илбирс, күрөң аюу, эчки-теке, кашкулак жана башка жапайы жаныбарлар түшкөнү аныкталды. Өзгөчө баса белгилеп кетчү жагдай – фотоловушкаларга жалпысы үч илбирс түшкөнү катталды. Мындан тышкары, илбирстердин издери да байкалган.

Буга чейин аталган аймактарда – Көк Ойрок жана Челек көлү айланасында – мындай иликтөөлөр жүргүзүлбөй келген. Бул жолу алынган маалыматтар аймактын жапайы жаратылышы бай жана маанилүү экендигин дагы бир жолу тастыктады.

Ошондой эле, жүргүзүлгөн байкоолор күрөң аюулардын жана эчки-текелердин популяциясы туруктуу өсүүдө экенин көрсөтүүдө. Бул – парктын кызматкерлеринин жана тийиштүү мекемелердин натыйжалуу ишинин көрсөткүчү.

“Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркынын администрациясы жапайы жаратылышты коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо максатында мындай иштерди мындан ары да улантарын белгилейт.