Бишкек шаарында 10 миңден ашык көчөттөр отургузулат
17-октябрь 2025, 09:05
Бишкек шаарында 10 миңден ашык көчөттөр отургузулат
2025-жылдын 15-октябрында министр М. Машиевдин жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-мартындагы №221-тескемесине ылайык түзүлгөн “Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын” кезектеги отуруму болуп өттү.
Жыйынга Бишкек шаарынын мэри А. Жунушалиев, министрликтердин орун басарлары, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана комиссиянын мүчөлөрү катышты.
Мэр А. Жунушалиев шаардагы абанын булгануу абалы боюнча маалымат берип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Ал өзгөчө Бишкекти жашылдандыруу жана абанын сапатын жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга кеңири токтолду.
Абанын сапатын жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан иштер:
Калкты газ менен камсыз кылуу боюнча:
* 105 конуштун ичинен 54ү газдаштырылган;
* 69 052 үйдүн ичинен 49 224 үй газга кошулган;
* алардын 29 949у (61%) үйлөрүн газ менен жылытуу системасына өткөргөн.
Коомдук транспортту жаңылоо боюнча:
* Азыркы учурда 1 449 экологиялык таза автобус каттап жатат, алардын ичинен
– 1 329 газ менен иштейт,
– 120 электробус 2025-жылы сатып алынган;
* 1 500дөн ашык дизелдик маршруткалар борбордук көчөлөрдөн чыгарылды.
2025-жылдын 26-августунда өткөн Экокеңештин чечимине ылайык:
* 2025-жылдын 15-октябрынан тартып 10 миңден ашык ар кандай түрдөгү көчөттөрдү массалык отургузуу иш-чаралары уюштурулат; азыркы күндө 7000 бак-дарак отургузулган.
* Бишкек шаарынын бардык мектептеринде жашыл аймактар түзүлөт;
* Ирригация, жол, скважина куруу иштерине 600 млн сом каралган.
Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын иши:
Министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору Т. Касымов Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөр тууралуу маалымат берди.
* Атмосфералык абага зыян келтирген автоунааларга карата рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп, 179 административдик укук бузуулар боюнча протоколдор түзүлдү жана жалпы 3 187 500 сом айып пул салынды.
* Тигүү цехтери, мончолор, автосервис борборлору жана башка чарбалык субъекттер боюнча 222 текшерүү жүргүзүлүп, 5 468 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасындагы абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун 2-компонентин ишке ашыруу боюнча Каржы министрлигинин өкүлү бүткүл өлкө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди, долбоорду Каржы министрлиги ишке ашырат.
Долбоордун негизги максаты Кыргыз Республикасынын абанын сапатын башкаруу жаатындагы дараметин күчөтүү. Бишкек шаарындагы PM 2.5 катуу бөлүкчөлөрүнүн жана парник газдарынын таза чыгарылышын кыскартуу болуп эсептелинет.
Компоненттин алкагында коммерциялык банктар аркылуу экологиялык таза жылытуу системаларын сатып алуу үчүн жеңилдетилген насыяларды берүү каралган: Бишкек шаарынын жеке секторунун тургундары үчүн; тиешелүү жабдууларды жеткирүүчү компаниялар үчүн. Каржылоо: 50 млн доллар, анын ичинен 31,8 млн доллары үйлөрдү жылытуу үчүн таза технологияларды сатып алууга жеңилдетилген насыяларга бөлүнөт.
Долбоор төрт компоненттен турат:
1-компонент: Абанын сапатын башкаруу системасын бекемдөө.
2-компонент: Жылытуу үчүн таза технологияларды киргизүүгө көмөктөшүү.
3-компонент: Шаарды жашылдандырууну жакшыртуу.
4-компонент: Долбоорду ишке ашырууну колдоо. КРдагы абанын сапатын жакшыртуу долбоору (50 млн АКШ доллары). 2-компоненттин кредиттик линиясынын суммасы = 31,8 млн АКШ долларын түзөт.
Энергетика министринин орун басары Н.А. Керимов Кара-Кече көмүр кениндеги абал жана чачылма көмүрдү (фракциясы 0–13 мм) пайдаланууга каршы түшүндүрүү иштери боюнча маалымат берди.
Эске салсак, Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы №639 токтомуна ылайык, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда чачылма көмүрдү сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган.
Жыйындын аягында. министр М. Машиев бардык катышуучуларга абанын сапатын жакшыртуу боюнча чараларды так жана ыкчам аткарууну, ведомстволор ортосундагы маалымат алмашууну күчөтүүнү тапшырды.