Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциянын Тараптарынын 17-конференциясынын алдында өткөрүлгөн Лидерлер саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Ереван шаарында «Келечекти каржылоо: каржы агымдарын жаратылыш менен шайкеш келтирүү — жаратылышка оң таасир берүү» аталышындагы жогорку деңгээлдеги тегерек столго катышты.

Чүй өрөөнү

Министр өз сөзүндө каржы агымдарын жаратылыш экосистемаларын сактоого жана калыбына келтирүүгө багыттоонун зарылдыгын баса белгиледи.

Ал биологиялык ар түрдүүлүктү натыйжалуу коргоо мамлекеттердин, эл аралык каржы институттарынын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана жеке сектордун күч-аракеттерин бириктирүүнү талап кыларын белгиледи.

Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын эл аралык трасттык фонд түзүү демилгесине бурулду. Бул демилге эл аралык колдоону тартууга жана көлдүн уникалдуу жаратылыш экосистемасын сактоо үчүн каржы ресурстарын мобилизациялоого багытталган.

Министр ошондой эле жаратылышты коргоо боюнча иш-чараларды узак мөөнөттүү каржылоону камсыз кылуу үчүн эл аралык өнөктөштөрдү тартуунун жана жашыл облигациялар, туруктуу өнүгүүнү каржылоо инструменттери сыяктуу инновациялык каржы механизмдерин киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Сөзүнүн соңунда Акыл Токтобаев Кыргыз Республикасынын биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, тоо экосистемаларын коргоо, келечек муундар үчүн туруктуу келечекти камсыз кылуу максатында ресурстарды мобилизациялоо жаатындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого даяр экенин тастыктады.