Караколдо полиэтилен пакеттерине каршы рейд өттү

Ысык-Көл өрөөнү
Караколдо полиэтилен пакеттерине каршы рейд өттү


Ысык-Көл облусунда бир жолу колдонулуучу желим буюмдарды колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзамды тактоо боюнча маалыматтык кампанияны күчөтүүнүн алкагында, Жарытылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык техниалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы , КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте 8-апрелде, Каракол шаарында дүкөндөр жана супермаркеттер текшерилип, полиэтилен пакеттерин колдонууга жана сатууга каршы рейд өткөрүлдү.



Аталган  рейд Президенттин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо жөнүндө” Жарлыгынын негизинде өткөрүлдү. 



2023-жылдын 1-январынан тарта полиэтилен пакеттерине тыюу салынган!



2025-жылдын 1-мартынан тарта мыйзам бузгандарга айып пул каралган:



— жарандарга – 3 000 сом



— юридикалык жактарга – 10 000 сом



Азырынча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. 



Бирок жакында айыптар салына баштайт! 



Облус боюнча 500дөн ашык эскертүү таратылды.



Табиятты коргоо — ар бирибиздин жоопкерчилик!



Эко баштык колдон, пластиктен баш тарт!