Чолпон-Атада Ысык-Көлдүн биосфералык аймагынын экологиялык коопсуздугу жана Ысык-Көл-Тарим бассейндеринин суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу маселеси талкууланды

Ысык-Көл өрөөнү
Чолпон-Атада Ысык-Көлдүн биосфералык аймагынын экологиялык коопсуздугу жана Ысык-Көл-Тарим бассейндеринин суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу маселеси талкууланды


Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан Чолпон-Ата шаарында биосфералык зонада экологиялык кырсыктардын алдын алуу жана экологиялык кырсыктардын алдын алуу максатында «Ысык-Көл-Тарим бассейнинин суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо» деген темада семинар болуп өттү. 


Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы, А.Кенжебаев, депутаттар М.Сарбагышев, Ж.Нурбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Министрлер Кабинетинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдары өкүлдөрү, чакырылган.


Семинардын максаты Ысык-Көлдүн биосфералык аймагынын экологиялык коопсуздугун камсыздоого жана Ысык-Көл-Тарим бассейндеринин суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга багытталган конкреттүү чараларды иштеп чыгуу болуп эсептелнет.


Семинар Дүйнөлүк банктын Суу ресурстарын башкаруу боюнча улуттук долбоору тарабынан колдоого алынган.


Катышуучулар  Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Кубат Кусейинов Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-февралындагы «Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки суу боюнча улуттук стратегиясын» даярдоо жана бекитүү этаптары тууралуу талкуу жургузушту.


 Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл биосфералык аймагынын өзгөчө статусун эске алуу менен Ысык-Көл-Тарим бассейнинин суу ресурстарына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу маанилүү экендигин белгилешти. 
Ошондой эле Кыргызстанды экологиялык маселелер бүткүл өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги векторуна айландыра турган өлкөгө айландыруу үчүн күчтөрдү бириктирүү зарыл экендигин белгилешти.


PS: Семинардын катышуучулары Бостери айылындагы таштандыларды сорттоочу ишкананын иши, Каприз пансионатындагы сууну тазалоо процесстери менен таанышты. Ошондой эле Чолпон-Ата шаарындагы шаардык пляжында болуп, пляждын экологиялык тазалыгын сактоо үчүн чаралар менен жеринде таанышышты.