🌍 Геология тармагында маанилүү демилгелер алдыда!
12-ноябрь 2025, 17:55
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Геология кызматынын 2025-жылдын аягына чейин бир катар маанилүү демилгелерди жана иш-чараларды ишке ашырууну пландаштырууда.
🔹 Мыйзам долбоору даярдалууда
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде, Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө”, “Күрөө жөнүндө” жана “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” мыйзамдарында) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу.
🔹 Нормативдик документтер жаңыланат
Пайдалуу кендерди геологиялык-экономикалык баалоо боюнча ченемдик актылар жана колдонмолорду актуалдаштыруу.
🔹 Ачык аукциондор өткөрүлөт
2025-жыл ичинде өлкө боюнча 15 объект жер казынасын пайдалануу боюнча аукционду даярдоо жана жарыялоо.
🔹 Санариптештирүү улантылат
Жер казынасын пайдалануу процесстерин жана геологиялык архивдерди оптималдаштыруу жана санариптештирүү боюнча иштерди жүргүзүү.
Бул кадамдар геология тармагындагы башкарууну өркүндөтүүгө, ачык-айкын жана натыйжалуу системаны түзүүгө өбөлгө болот. 💪
#Геология #ЖаратылышРесурстары #Реформа #Санариптештирүү #Кыргызстан