Тоолуу Нарын облусунда үч ак илбирс видеотасмага түшүрүлдү
11-ноябрь 2026, 11:12
Нарын облусундагы мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында үч ак илбирс видеотасмага тартылды.
Табигый шартта жашаган сейрек кездешүүчү жырткычтарды Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери коруктун аймагында кароо жүргүзүп жүргөн учурда видеого тартып алышкан.
Видеодон үч ак илбирстин тоо боорунда жайбаракат басып, тоонун бийик тарабына карай бет алганын көрүүгө болот.
Ак илбирстердин негизги байырлаган аймактарынын катарына Ысык-Көл жана Нарын облустары кирет. Бул аймактарда жүргүзүлүп жаткан жаратылышты коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо иштери сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоодо маанилүү роль ойнойт.
Ак илбирс — Кыргызстандын улуттук символдорунун бири. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен өлкөнүн улуттук символу катары таанылган.
Ошондой эле 2026-жылдын 23-октябрында Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында Борбордук Азияда алгачкы жолу «Ак илбирс» илимий-изилдөө жана реабилитациялык борбору ачылган. Борбор ак илбирстерди изилдөө, сактоо жана коргоо багытындагы иштерди өнүктүрүүгө багытталган.