Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча «Атмосфералык абаны коргоо» багытында рейддик иш-чара өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча «Атмосфералык абаны коргоо» багытында рейддик иш-чара өткөрүлдү

2025-жылдын  12-сентябрында Жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык  көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы менен биргеликте атмосфералык абаны коргоо максатында рейддик иш-чара жүргүзүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө:

• Жеке жактарга карата Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 234-беренесине ылайык 2 протокол түзүлүп, жалпы 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

•  Айдоочуларга экологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында белгисиз жарандар тарабынан таштандылар өрттөлүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам аракеттердин негизинде жеринде текшерүү жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык юридикалык жакка 23 000 (жыйырма үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды жана өрт дароо өчүрүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жана ишканаларды экологиялык нормаларды так сактоого чакырат жана атмосфералык абаны булгоо фактылары боюнча мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн эскертет.