Бишкек шаарында кыргыз тараптын төрагалыгы алдында гибриддик форматта Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине жооп берген министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин жетинчи кеңешмеси болуп өттү.

Чүй өрөөнү

Кеңешменин жүрүшүндө катышуучулар экологиялык кызматташуунун негизги багыттарын карап чыгып, учурдагы чакырыктарды талкуулашты жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы алдыңкы тажрыйбалар менен алмашышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында:
 * жетишилген макулдашууларды бекемдеген Биргелешкен билдирүүгө кол коюлду;
 * атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча демилге кабыл алынды;
 * Евразиянын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана туруктуу башкаруу боюнча демилгени, ошондой эле 2026–2031-жылдарга карата тиешелүү Иш-аракеттер планын иштеп чыгууну улантуу сунушталды;
 * 2026–2027-жылдары Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттерде өткөрүлө турган экологиялык иш-чаралар тууралуу маалымат эске алынды.

Кеңешме Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоого, конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу менен аймакта туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө болгон берилгендигин ырастады.