Бишкек шаарында автоунаалардан чыккан булгоочу заттардын атмосфералык абага таасирин аныктоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү
11-август 2026, 12:17
Бишкек шаарында автоунаалардан чыккан булгоочу заттардын атмосфералык абага таасирин аныктоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Рейд Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө автоунаалардын техникалык абалы жана атмосферага чыгарылып жаткан булгоочу заттардын белгиленген ченемдерге шайкештиги текшерилип, жыйынтыгында 3 протокол түзүлүп, жалпы 22 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.