Бишкек шаарында чачылма көмүрдү сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу талаптарынын аткарылышы боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү
05-ноябрь 2025, 15:33
Бишкек шаарында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин координациялоосу астында чачылма (майда) көмүрдү ташып келүүгө, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салуу талаптарынын аткарылышын текшерүү боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябры № 639 “Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында уюштурулуп, анын алкагында Бишкек шаарынын Мурманск көчөсүндө жайгашкан көмүр кампалары текшерилди.
Рейддин жүрүшүндө майда жана чаң сымал көмүрдү сатпоого байланыштуу түшүндүрүү иштери менен удаа эскертүүлөр берилди, ошондой эле калк арасында маалыматтык-агартуу иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан көмүр сатуучу пункттардагы бааларга мониторинг жүргүзүлүп, баанын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Ал эми башка мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарынын алкагында аталган токтомдон келип чыгуучу милдеттерди аткаруу жана тиешелүү чараларды көрүү боюнча иштерди жүргүзүштү.
Иш-чараны Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги координациялап, ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Энергетика министрлигинин, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламудун району боюнча регионалдык башкармалыгынын, , “Кыргызкөмүр” ачык акционердик коомунун жана Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери катышты.