Бишкек шаарында климаттын өзгөрүшүнө байланышкан актуалдуу маселелерди чечүүгө жаш муундарды тартууга жана жаштардын климаттык демилгелерин илгерилетүүгө багытталган LCOY Kyrgyzstan 2026 улуттук жаштар климаттык конференциясы өттү.

Чүй өрөөнү
Бишкек шаарында климаттын өзгөрүшүнө байланышкан актуалдуу маселелерди чечүүгө жаш муундарды тартууга жана жаштардын климаттык демилгелерин илгерилетүүгө багытталган LCOY Kyrgyzstan 2026 улуттук жаштар климаттык конференциясы өттү.

Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген жаштар, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана эксперттер катышты.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова экологиялык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө жаштардын жигердүү катышуусунун, ошондой эле мамлекеттик органдар менен жаштардын демилгелеринин ортосундагы өз ара кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Кыргызстандын туруктуу келечегин калыптандырууда жана улуттук климаттык артыкчылыктарды илгерилетүүдө жаш муундардын ролуна өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын алкагында тематикалык талкуулар өткөрүлүп, Digital4Climate.KG жаштар хакатонунун жыйынтыктары тааныштырылды. Ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланышкан артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоо жана практикалык сунуштарды иштеп чыгуу боюнча топтук иштер уюштурулду.

Конференциянын негизги жыйынтыктарынын бири климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү жаатындагы жаштардын сунуштарын бириктирген Кыргызстандын жаштарынын 2026-жылга карата климаттык резолюциясы болмокчу. Аталган документ тиешелүү мамлекеттик органдарга, эл аралык уюмдарга жана жаштардын климаттык тармактарына сунушталат.


Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаштардын климаттын өзгөрүшү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга, алардын дараметин өнүктүрүүгө жана климаттын өзгөрүшүнө байланышкан маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуусун кеңейтүүгө багытталган демилгелерди колдойт.