Кадамжай шаарында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу боюнча семинар-тренинг өттү

Чүй өрөөнү
Кадамжай шаарында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу боюнча семинар-тренинг өттү
2026-жылдын 17-февралында Кадамжай шаарында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (ОКЖА) кызматкерлеринин потенциалын жогорулатууга багытталган семинар-тренинг уюштурулду.


Иш-чарага Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин бөлүм башчысы Т. Сатимбаев , Кыргызстандагы РЭЦЦА топтун жетекчиси Э. Ибраев биотурлар жана мониторинг жүргүзүү боюнча эксперт А. Давлетбаков ошондой эле Сурматаш мамлекеттик жаратылыш коругунун директору Т. Жороев жана коруктун жалпы жамааты катышты. Мындан тышкары аймактык эл депутаттары, жергиликтүү тургундар жана райондук администрация өкүлдөрү да активдүү катышышты.


Семинардын жүрүшүндө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын башкаруу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, биотуризмди өнүктүрүү жана мониторинг жүргүзүү маселелери талкууланды. Катышуучулар тажрыйба алмашып, практикалык сунуш-пикирлерин билдиришти.


Иш-чара кызуу талкуулар жана суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар үчүн кеңири жана пайдалуу маалыматтар берилди. Семинар ОКЖА кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана жаратылышты коргоо багытындагы иштерди мындан ары да натыйжалуу жүргүзүүгө өбөлгө түздү.