Каракол шаарында облустагы туристтик милиция үчүн окуу семинары болуп өттү.
25-сентябрь 2025, 09:55
Каракол шаарында облустагы туристтик милиция үчүн окуу семинары болуп өттү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык кызматы менен “Орхус” борбору биргелешип уюштурган.
Семинарда мыйзамсыз аң уулоо, браконьерликке каршы күрөш жана экологиялык мыйзамдардын бузулушу боюнча маселелер талкууланды. Ошондой эле иш-чарага “Бирдиктүү коопсуздук кызматы”, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана “Балык чарба” департаментинин адистери катышып тиешелүү сунуш-пикирлерин билдиришти.
Семинардын максаты туристтик милициянын экологиялык мыйзамдарды билүүсүн, туристтик аймактарда коомдук коопсуздукту камсыздоодо табиятты коргоо чараларын күчөтүүнү көздөйт.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга практикалык мисалдар, мыйзам бузууларга каршы аракеттенүү жолдору боюнча маалымат берилди.