Ош шаарында масштабдуу көчөт отургузуу иш-чарасы өтүүдө

Чүй өрөөнү
Ош шаарында масштабдуу көчөт отургузуу иш-чарасы өтүүдө

Ош шаарында масштабдуу көчөт отургузуу иш-чарасы өтүүдө

Ош шаарында экологиялык абалды жакшыртуу жана жашыл аймактарды кеңейтүү максатында ири көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлүүдө. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев катышты.

Долбоордун алкагында Ош шаарындагы Хахлова көрүстөнүнүн аймагын экологиялык калыбына келтирүү жана жашылдандыруу боюнча эскиздик долбоор ишке ашырылууда. Бул аймакка муниципалдык “Жашылдандыруу чарба комбинаты муниципиалдык “ишканасы тарабынан жалпы 1280 даана көчөт отургузулду. Көчөттөрдүн бардыгы жергиликтүү питомникте өстүрүлгөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө 6-түрдөгү дарактар, анын ичинде ак кайың, арония, каштан, багряник жана ясень көчөттөрү эгилди.

Ош шаарынын Жашылдандыруу ишканасынын директору А. Советбек уулу белгилегендей, бул демилге шаардын экологиялык абалын жакшыртууга жана жашыл зоналарды көбөйтүүгө чоң салым кошот.