Токмок шаарындагы таштандыларды чыгаруу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, «Экологист» ишканасына 17 миң сом айып пул салынды.
29-сентябрь 2026, 09:27
Токмок шаарында катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу маселеси боюнча жарандардан түшкөн маалыматтын негизинде Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Токмок шаарынын аймагында катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу иштерин «Экологист» ишканасы жүргүзөрү аныкталды. Ишкананын балансында таштандыларды ташуу үчүн 5 атайын техника бар.
Ошондой эле шаардын айрым аймактарында катуу тиричилик калдыктарын чыгаруунун белгиленген графигинен четтөөлөр орун алгандыгы аныкталды. Буга транспорттук жана техникалык мүнөздөгү кыйынчылыктар, ошондой эле финансылык-экономикалык жагдайлар сыяктуу бир катар объективдүү факторлор таасир эткен.
Маалыматка ылайык, учурда Токмок шаарынын бир катар көчөлөрүндө жол тилкелерин масштабдуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Аталган иштердин жүрүшүндө айрым таштанды аянтчаларына атайын техниканын кирип-чыгуусу кыйындап, калдыктарды белгиленген мөөнөттө чыгарууга тоскоолдуктар жаралган.
Ошол эле учурда, буга чейин катталган мыйзам бузуулар боюнча «Экологист» ишканасына Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.