«Кыргыз-Ата» мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы кире бериш аркасын жана көзөмөл-өткөрмө пунктун куруу долбоорун ишке ашыруу башталды. Бүгүн комплекстин ордуна капсула салуу аземи болуп өттү

Чүй өрөөнү
«Кыргыз-Ата» мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы кире бериш аркасын жана көзөмөл-өткөрмө пунктун куруу долбоорун ишке ашыруу башталды. Бүгүн комплекстин ордуна капсула салуу аземи болуп өттү

«Кыргыз-Ата» мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы кире бериш аркасын жана көзөмөл-өткөрмө пунктун куруу долбоорун ишке ашыруу башталды. Бүгүн комплекстин ордуна капсула салуу аземи болуп өттү.

Иш-чарадагы сөзүндө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев жаратылыш парктары үчүн жаратылыш аймактарын сактоо менен бирге, эс алуучулар үчүн заманбап шарттарды да түзүү маанилүү экенин белгиледи.

Жаңы кире бериш тобу аймакка кирүүнү иретке келтирүүгө, көзөмөлдү күчөтүүгө жана парктын сырткы көрүнүшүн жакшыртууга мүмкүндүк берет. Муну менен катар «Кыргыз-Ата» паркында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен заманбап тазалоочу курулмаларды куруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул долбоорду ишке ашыруу парктын экологиялык инфраструктурасынын негизги бөлүгү болуп, айлана-чөйрөгө болгон жүктү кыйла азайтууга, саркынды сууларды талаптагыдай тазалоону камсыз кылууга жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын жалпы экологиялык коопсуздук деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

«Кыргыз-Ата» мамлекеттик жаратылыш паркы 1992-жылы Ош облусунун Ноокат районунда түзүлгөн. Анын аймагы арча токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн ар түрдүүлүгү, ошондой эле кооз жаратылыш ландшафттары менен баалуу.

Парктын инфраструктурасын өнүктүрүү министрликтин колдоосу менен жүргүзүлүп, жаратылыш мурасын сактоо жана ошол эле учурда «Кыргыз-Атага» келгендер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.