“Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркында саркынды сууларды кайра иштетүүчү курулуш башталды
22-декабрь 2025, 09:12
Чүй өрөөнү
“Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркында саркынды сууларды кайра иштетүүчү курулуш башталды
2025-жылдын 20-декабрында “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин саркынды сууларды кайра иштетүүчү курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Джусупбеков Болот Джаныбекович, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдалдар министири Ажикеев Бообек Эргешевич, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү биринчи орун басары Ташбаев Ильяз Азизбекович, ошондой эле Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Шейшеканов Данияр Турдубекович катышты.
Жаңы курулуштун сметалык баасы 385,8 млн сомду түзөт жана каржылоо Кыргыз Республикасынын Президентинин фонду тарабынан ишке ашырылат. Жобонун жалпы сыйымдуулугу: мурдаачы участкасы – 200 куб, Бек-Суу участкасы – 500 куб, бул аймактагы экологиялык коопсуздукту жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу башкарууну камсыз кылууга багытталган.
Бул долбоор экологиялык таза аймактарды өнүктүрүү жана саркынды сууларды кайра иштетүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Курулуш иштери аяктаган соң, паркта иш жүргүзгөн кызматкерлер үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлүп, аймактагы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жаратылыш ресурстарын сактоо жаатындагы иш-чаралар күчөйт.
Мындан тышкары, долбоор Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мамлекеттик экологиялык саясатты жүзөгө ашыруудагы ролун бекемдөөгө салым кошот.