“Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркында кызматтык тубар жылкыларга чип басылып, базага киргизүү иштери жүргүзүлүүдө
29-сентябрь 2025, 17:59
Чүй өрөөнү
“Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркында кызматтык максатта пайдаланылып жаткан тубар жылкыларга идентификациялык электрондук чип басуу жана аларды электрондук маалымат базасына каттоо иштери жүрүп жатат.
Бул иш-чара жылкыларды так каттоо, алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана көзөмөл механизмдерин жакшыртуу максатында ишке ашырылууда. Чип басылган жылкылар тууралуу маалыматтар бирдиктүү базага киргизилип, андан ары реалдуу убакыт режиминде мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Парктын жетекчилиги мындай санариптик чечимдердин киргизилиши мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана жаныбарларды багуу шарттарын жакшыртууга өбөлгө түзөрүн белгилейт.