Интернет булактарында Ысык-Көлдүн жээгинде таштандылар атайын белгиленбеген жерлерге ташталгандыгы тууралуу видео материал тараган.

Ысык-Көл өрөөнү

Аталган маалыматтын негизинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жеринде текшерүү иштери жүргүзүлдү. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуу фактысы аныкталып, тиешелүү жакка 17 000 сом өлчөмүндө административдик протокол түзүлдү. Ошондой эле таштанды ташталган аймакты тазалоо жана аны талаптагыдай санитардык абалга келтирүү боюнча тиешелүү талаптар коюлду. 

Жаратылыш ресурстары министрлиги Ысык-Көлдүн жээгинде санитардык-экологиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө иштерин мындан ары да улантат.