Ысык-Көлдө кулжа адамдар жашаган аймакка жакындап келген
19-ноябрь 2026, 09:22
Ысык-Көл облусундагы жаратылыш коруктарынын биринде кулжалардын жаратылыш койнунда эркин жүргөнү жана адамдар жашаган аймактарга жакындап келгени байкалды.
Токой кызматкерлеринин бири аймакты кыдырып жүргөн учурда суунун жээгинде жүргөн ири көлөмдөгү кулжаны видеого тартып алган. Токойчуну байкаган жапайы жаныбар дароо качып, кайрадан тоо тарапка бет алган.
Ал эми ошол эле аймакта дагы бир кулжа токойчунун үйүнүн жанына чейин келип, үй жаныбарларынын арасында эч нерседен бейкапар жүргөн. Мындай көрүнүштөр жапайы жаныбарлардын табигый чөйрөдө жашап, өз аймагында эркин кыймылдап жатканын көрсөтөт.
Акыркы жылдары жапайы жаныбарларды коргоо, алардын жашоо чөйрөсүн сактоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү көбөйтүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында аркар-кулжалардын санынын табигый жол менен өсүү тенденциясы байкалууда.
Белгилей кетсек, жапайы жаныбарлардын популяциясынын көбөйүшү — жаратылышты коргоо чараларынын натыйжалуулугун, экосистеманын туруктуулугун жана экологиялык тең салмактуулуктун сакталышын чагылдырган маанилүү көрсөткүч.