Ысык-Көлдө кулжачар егерь менен бир аз убакыт тиктешип туруп, андан соң качып кеткен
27-ноябрь 2026, 09:28
Ысык-Көл облусундагы жаратылыш коруктарынын биринде жергиликтүү егерь 3–4 жаштагы кулжачарга туш келип, өзгөчө учурду видеого тартып алган.
Видеодо кулжачардын егерь менен бир топко чейин бири-бирин тиктеп турганы тартылган. Егерь жаныбарды алыстан байкап, акырындап жакындап, аны 10–20 метр аралыкка чейин көрүүгө мүмкүнчүлүк алган. Бирок адамдын жакындаганын сезген кулжачар кырдаалды баамдап, адырдын аркы тарабына качып кеткен.
Мындай учурлар жапайы жаныбарлардын табигый чөйрөсүндө эркин жашап, өз аймагында эч тоскоолдуксуз кыймылдап жатканын айгинелейт.
Белгилей кетсек, акыркы жылдары өлкөдө жапайы жаныбарларды коргоо, алардын жашоо чөйрөсүн сактоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү көбөйтүү багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул аракеттердин натыйжасында аркар-кулжалардын популяциясынын табигый жол менен көбөйүү тенденциясы байкалууда.