Ысык-Көлдө илбирс, аркар-кулжалар жана тоо текелер видео тасмага түшүрүлдү

Ысык-Көл өрөөнү
Ысык-Көлдө илбирс, аркар-кулжалар жана тоо текелер видео тасмага түшүрүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан рейддик иш-чара өткөрүлүп, анын жүрүшүндө кызматкерлер тоолуу аймакта сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлардын бири — илбирсти, ошондой эле аркар-кулжаларды жана тоо текелерин табигый чөйрөсүндө жайылып жүргөнүн байкашкан.

Бул көрүнүш аймактын бай жаратылыш дүйнөсүн, биологиялык ар түрдүүлүгүн жана жапайы жаныбарлар үчүн маанилүү болгон табигый жашоо чөйрөсүн дагы бир жолу айгинелейт. 

Өзгөчө илбирстин жана тоо туяктуу жаныбарлардын табигый чөйрөдө кездешүүсү тоолуу экосистемалардын өзгөчөлүгүн көрсөтүп, жаратылышты коргоонун маанилүүлүгүн эске салат.


Мындай рейддик иш-чаралар жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, браконьерликке каршы күрөшүү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында экологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.