Экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча Ысык-Көлдө рейд жана текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү
28-июль 2025, 17:16
2025-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл районунун Бает айылында жайгашкан “АК-Жол” ЖЧК асфальт-бетон заводуна пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында акт түзүлүп, 4 пункттан турган эскертме барагы тапшырылды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 230-беренесине ылайык (“Атмосфералык абага зыяндуу заттардын чыгуу эрежелерин бузуу”) протоколу түзүлүп, ишканага 28 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын комиссиясы менен биргеликте Кара-Ой айылындагы пляж аймактарына кыдыруу жана көзөмөлдөө иштерин улантууда.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жана чарба субъекттерин жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, ошондой эле экологиялык талаптарды сактоого чакырат.